ӨКМ: Бийик тоолуу ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Автор

Күндүн жылышына байланыштуу ашууларга кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 24-мартынан 27-мартына чейин абанын температурасынын жогорулашына, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чак. (Төө-Ашуу ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чак. (Чоң-Ашуу ашуусу) жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чак. (Сөөк ашуусу), 60-94 чак. (Кара-Гөө ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Белгиленгендей, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Бөлүшүү:
Next Post

 11 тонна мыйзамсыз күйүүчү май ташыган 6 унаа кармалды

Чүй облусунун Токмок шаарынын аймагына күйүүчү-майлоочу майларды аткезчилик менен ташып келүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка ылайык,күйүүчү май сактоочу жайды текшерүүнүн жыйынтыгында алты унаа: Лексус GX470 үлгүсүндөгү 4 унаа, Мицубиси Пажеро үлгүсүндөгү 1 унаа жана Мерседес W140 үлгүсүндөгү 1 унаа кармалып, Токмок ШИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн […]

Сизге жагышы мүмкүн