11 тонна мыйзамсыз күйүүчү май ташыган 6 унаа кармалды

Автор

Чүй облусунун Токмок шаарынын аймагына күйүүчү-майлоочу майларды аткезчилик менен ташып келүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык,күйүүчү май сактоочу жайды текшерүүнүн жыйынтыгында алты унаа: Лексус GX470 үлгүсүндөгү 4 унаа, Мицубиси Пажеро үлгүсүндөгү 1 унаа жана Мерседес W140 үлгүсүндөгү 1 унаа кармалып, Токмок ШИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн айып унаа токтотуучу жайына киргизилди.

«Ал унаалардан 11 тонна күйүүчү-майлоочу майы табылып алынып, Токмок шаардык мамлекеттик салык кызматына тиешелүү документтерин текшерүү үчүн өткөрүлүп берилди»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда келтирилген чыгымды жана мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Эл аралык театр күнүнө карата «Эргүү» улуттук театр сыйлыгы тапшырылат

27-март – Эл аралык театр күнүнө карата «Эргүү» улуттук театр сыйлыгы тапшырылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Сыйлык тапшыруу аземи 27-мартта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтмөкчү. Улуттук сыйлык кыргыз театрларында коюлган спектаклдердин жана үзүрлүү эмгек кылган театр кызматкерлеринин […]

Сизге жагышы мүмкүн