Ысык-Көл жана Соң-Көлдө балык уулоого тыюу салынды

Автор

Ысык-Көл жана Соң-Көлдө балык уулоого үч жылга тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы кол койду.

Мындай чечим президенттин “Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балык уулоого мораторий киргизүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле балык чарбачылыгында запасты сактап калуу жана аны көбөйтүү максатында кабыл алынды.

Айыл чарба министрлигинин алдындагы Балык чарба департаментине жана  Ички иштер министрлигине аталган көлдөрдө мыйзамсыз балык кармоону алдын алуу боюнча иштерге көмөктөшүү тапшырмасы берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Иш үстүндө ичимдик ичкендер иштен айдалды

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эмгек тартибин бузгандыгы үчүн иштен алынды. Бул тууралуу  мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын төмөнкү кызматтарды ээлеген кызматкерлери иштен бошотулду: – Инженер-энергетик; – Пландык-экономикалык бөлүмдүн башчысы; – Башкы бухгалтер; – Диспетчер. Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда видео тарап, анда  белгисиз аял күйөөсүнүн жумушуна келип, […]

Сизге жагышы мүмкүн