ӨКМ аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү таратты

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү таратты. Мекеменин  маалыматына ылайык, бүгүн, 10-апрелде абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-250-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу).

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кырсык катталган учурда “112” бирдиктүү номерине байланышуу зарыл. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Хиджабсыз аялдарды аныктоочу камералар орнотулду

Иранда аялдардын коомдук жайлардагы кийимдерин көзөмөлдөөчү камераларды орното баштаганын полиция кызматы кабарлады. Маалыматтарга караганда ал түзүмдөр эскертүү SMSтерин жиберишет. Полиция бул аракеттер хиджаб мыйзамына каршылык көрсөтүүнүн алдын аларын билдиришти. Иранда өткөн жылы хиджаб эрежесинен улам нааразылык акциялары чыккан. Камакка алуу коркунучуна карабай, айрыкча чоң шаарларда нааразы аялдардын саны көбөйүүдө. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн