Медеткан Шеримкулов, Кыргыз Эл баатыры: “Парламенттин желек боюнча чечими туура эмес”

Автор

“Мен саясатка алмаштыргым келбейт. Бирок, айтып коюшум керек, парламенттин кечээги жыйынында кабыл алынган чечим туура эмес. Ал желек элдики, аны легендарлуу парламент кабыл алган”,- деп билдирди Кыргыз Эл баатыры Медеткан Шеримкулов. Ал мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовго кайрылып, “элди угуп жүргүлө, элди укпаган бийлик жакшы болбойт”,- деди. Медеткан Шеримкуловдун сөзүн кубаттап, залда отургандар катуу кол чабышты.
Улуттук тарых музейинде “Кыргыздар” китебинин 40 томдон турган бет ачаары өтүп жатат. Ага коомдук ишмерлер, депутаттар, мамлекеттик жана саясий ишмерлер катышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Азык-түлүк рыногунда абал туруктуу

Кыргызстандын ички агро азык-түлүк рыногунда абал туруктуу. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков министрликтин 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди. Анын айтымына караганда, быйыл азык-түлүк коопсуздугу негизги социалдык маанидеги 5 азыктын түрү (сүт, эт, картошка, жашылча, кум шекер) менен камсыз болду. “Калган азыктардын 4 түрү (ун, өсүмдүк майы, жумуртка, […]

Сизге жагышы мүмкүн