Ийгиликтин икаясы: Генри Форд

Автор

20-кылымдын башында Генри Форд Улуу депрессиянын кесепеттери менен күрөшүп, Американы жаңы экономикалык деңгээлге көтөрүү менен дүйнөнү өзгөрттү. Сапарынын башында эле ал кардарлардын таламдары үчүн күрөшүүчү катары репутацияга ээ болгон дүйнөдөгү биринчи ири ишкерлердин бири болгон. 1928-жылы автомобиль өнөр жайындагы революциялык жетишкендиктери жана өнөр жай жетекчилиги үчүн Бенджамин Франклин институтунун Эллиотт Крессон медалын алган.

Генри Форд фермада туулуп-өсүп, инженердин окуусун аяктап, үйүнө кайтып келип өзүнүн биринчи ойлоп табуусун – бензин менен иштеген жем-чөп туурагычын жараткан. Томас Эдисон анын патентин сатып алып, Генрини өз компаниясына ишке орноштурган. Бирок ал басса-турса оюнан элге жеткиликтүү автомобил ойлоп табууну самап, иштен бошонуп кетет.
Генри Форддун биринчи автомобилдик компаниясы тез эле банкрот болот. Экинчисин ал өнөктөштөрү менен бир пикирге келише албай таштап кетет. Үчүнчүсүндө чыгарган продукциялары өтпөйт. Анын ордуна башка киши болгондо, “тойдум байдын кызына” деп колун шилтеп баса бермек, бирок ал тырышып жүрүп дүйнөдөгү эң белгилүү жана ийгиликтүү ишкерлердин бирине айланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Икрам Илмияновду кайрадан жоопко тартуу маселеси козголду

Алмазбек Атамбаевдин айдоочусу катары белгилүү болгон Икрамжан Илмияновду жоопко тартуу маселеси көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жалпы жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев билдирди. “Урматтуу депутаттар, 2020-жылкы революция эмнеден келип чыкты эле? Парламенттик шайлоонун ыпылас өткөндүгүнөн. Анда үч партия негизги ролду ойногон. Алар “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Биримдик” партиялары. Азыркы […]

Сизге жагышы мүмкүн