Садыр Жапаров эртең Тажикстанга иш сапар менен барат

Автор

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Душанбе шаарына иш сапар менен барат. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

 

“Иш-чарага Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин башчылары катышары күтүлөт.

 

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

 

Душанбеде боло турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусу көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулоону көздөйт деп күтүлүүдө”,- деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Ким Чен Ын орус бийлигинин чечимдерин колдой турганын билдирди

Россиянын президенти Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрү “Чыгыш” космодромунда аяктады. Жолугушуу бир сааттан ашык убакытка созулду. Кремлдин өкүлүнүн айтымында, учурда эки лидердин жекеме-жеке жолугушуусу жүрүп жатат. Песков белгилегендей, Путин менен Ким Чен Ын сүйлөшүүлөрдөн кийин документтерге кол коюуну пландабайт. «Союз-2» космос ракета комплексинин техникалык […]

Сизге жагышы мүмкүн