Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Акылбек Жапаровду кабыл алды

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанга жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук-өндүрүштүк секторлордогу, логистикадагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактар ​​аралык байланыштарды жана маданий-гуманитардык алмашууну активдештирүү маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү:
Next Post

Мамлекетке чыккынчылык кылган чиновниктерге, аскер кызматкерлерине өлүм жазасы боюнча мыйзамга кол коюлду

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко мамлекетке каршы кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Документте, атап айтканда, мамлекетке чыккынчылык кылган чиновниктер жана аскер кызматкерлери үчүн өлүм жазасы каралган. Документтин негизги максаты экстремисттик (террористтик) жана мамлекетке каршы багыттагы кылмыштарга каршы аракеттенүүнү күчөтүү болуп […]

Сизге жагышы мүмкүн