Кесиптик лицейлердин жана колледждердин директору кызматына конкурстук тандоо жүрүүдө

Автор

Мамлекеттик билим берүү уюмдарында бир эле адам катары менен 5 (беш) жана андан көп жыл ээлеген директорлордун кызмат ордуна конкурстук тандоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери конкурстук негизде дайындалат.

Сынакка кесиптик лицейлердин жана колледждердин 46 директору: Бишкек шаарында – 9, Ош облусунда – 8, Баткен облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 6, Ысык-Көлдө – 4, Таласта – 4,Чүй облусунда – 3, Нарында – 2 жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу 4 кесиптик лицейдин директору катышат.

Ошондой эле 6 орто кесиптик билим берүү мекемелеринде, тагыраагы К.Көлбаев атындагы Бишкек автожол колледжинде, Бишкек архитектура жана курулуш менеджмент колледжинде, Кыргыз улуттук агрардык университетинин С.Турсунов атындагы Бишкек агро-экономикалык колледжинде, КУАУнун Токмоктогу колледжинде, Ысык-Көл индустриалдык педагогикалык колледжинде, И.Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжиндеги бош кызмат орундарына сынак өткөрүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

19-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 19-сентябрда күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26,   Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,   […]

Сизге жагышы мүмкүн