Кыргызстанда «Бир айыл-бир продукт» улуттук долбоору иштей баштайт

Автор

Президент Садыр Жапаров «Бир айыл — бир продукт» Улуттук экономикалык долбоору жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Японияда иштелип чыккан долбоор өлкөнүн региондорун өнүктүрүү максатын көздөйт. Долбоор үч принциптен турат:

 

— өз күчүнө ишенүү жана креативдүүлүк,

 

— адам ресурстарын өнүктүрүү,

 

— жашаган жерине жараша ой жүгүртүү, бирок глобалдуу иштөө.

 

Долбоор өндүрүүчүлөрдүн көндүмдөрүн өнүктүрүүнү, продукцияны жергиликтүү жана эл аралык рыноктордо илгерилетүүнү, жергиликтүү бренддерди түзүүнү жана продукциянын баалуулугун жогорулатууну болжолдойт.

Кыргызстанда бул долбоор бир нече жылдан бери Ысык-Көл облусунда ишке ашырылып келет жана жумуш орундарын түзүү, өндүрүлгөн продукцияны Японияга, Кытайга, Америка Кошмо Штаттарына жана Казакстанга экспорттоодон пайда алуу түрүндө оң натыйжаларды көрсөтүүдө.

«Андан аркы натыйжаларга жетишүү үчүн мамлекеттик органдардын, фонддордун, академиялык чөйрөнүн, ассоциациялардын, бизнес-сектордун күч-аракеттерин бириктирүү зарыл. Ар бир айыл, шаар, район, облус экспортко багыт алуу менен өзүнүн бир багыттагы адистешүүсүнө ээ болууга жана бизнести башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кооперацияланууга тийиш», — деп айтылат маалыматта.

Министрлер кабинетине «Кыргызстанда жасалган» (Made in Kyrgyzstan) улуттук брендин түзүү тапшырылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кайнатылган брокколинин кандай пайдасы бар?

Бышырылган 150 г брокколиде апельсин сыяктуу С витамини бар жана бета-каротиндин жакшы булагы болуп саналат. Брокколиде В1, В2, В3, В6 витаминдери, темир, магний, калий жана цинк да бар. Сиңирүүнү жакшыртат жана холестериндин деңгээлин төмөндөтүүгө жардам берет. Брокколидеги эң пайдалуу нерсе эмне? – Брокколи өтө баалуу продукт, анын курамында В1, В2, […]

Сизге жагышы мүмкүн