Владимир Путин 15-октябрда  Кыргызстанга келет

Автор

Россия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков өлкө башчысы Владимир Путиндин Кыргызстанга келерин тастыктады. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги  жазды.

Маалыматка ылайык,  Путин Беларусь президенти Александр Лукашенко менен 15-октябрда Кыргызстанда жолугушат.

Буга чейин Беларусь президенти Орусиянын президенти менен телефондон сүйлөшкөнүн, жолугушуу болорун билдирген.

«Биз президент чындап эле ушундай сапарды пландаштырып жатканын, ал жерде жолугушуу болоорун ырастай алабыз», — деген Песков.

Бөлүшүү:
Next Post

Шойгу Украинанын жоготууларын айтты

Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу шейшембиде департаменттин коллегиясында  орус армиясынын ушул айдагы атайын аскердик операциядагы ийгиликтери тууралуу айтты.  Анын айтымында,  17 миңден ашык украин аскер кызматкерлери жана 2700дөн ашык курал-жарак жана аскердик техника жок кылынды.  Атап айтканда, Шойгу белгилегендей, жети америкалык Брэдли жөө аскерлеринин согуштук унаасы, 77 америкалык M777 артиллериялык […]

Сизге жагышы мүмкүн