Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Автор

Ноябрь айында Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы майрамдалары пландаштырылууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынында айтылды.

Жыйынга Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышап, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча маселелер талкууланды.

Быйылкы жылы биргелешкен маданий иш-чараларды, тагыраагы ноябрь айында Өзбекстанда Кыргызстандын Маданият күндөрүн, белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын майрамдоо пландаштырылып жатканы айтылды.

Отурумда Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 10-жыйынынын протоколуна кол коюлду.

Бөлүшүү:
Next Post

17-августка карата аба ырайы

17-августта өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.   Абанын температурасы:   Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33;   Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30;   Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;   Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27; […]

Сизге жагышы мүмкүн