Камчыбек Ташиев, УКМК төрагасы: “Жерлерибизди кайтарып алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар”

Автор

“Биз тарыхый документтерди тактаганыбызда Кыргыздын жерлеринин көбү Тажикстанга өтүп кеткенин билебиз”,- деп билдирген УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. “Эгер кошуна мамлекет территориалык дооматтарынан баш тартпай турган болсо, биз юридикалык доо коёбуз. Буга биздин күчүбүз жетет. Жүздөгөн жыл мурда кошуналарга өтүп кеткен жерлерибизди кайтарып алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар”,- деп айткан ал. Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнөн кийин коомчулук 1924-1925-жылдары Тажикстан Республикасына Жерге-Тал жана Мургап райондору өтүп кеткенин айтып чыгышты. Кыргыз-Тажик Республикаларынын ортосундагы делимитациялоо жана демаркациялоо маселелеринин өзөгүн мындан ары аталган эки район түзөбү?

Бөлүшүү:
Next Post

90 пайыз этникалык кыргыздар бар

Кыргыз элинин талкуусуна айланган Жерге-Тал жана Мургап району Тажикстан Республикасынын жер өлчөмүнүн 4/1 бөлүгүн түзөөрү жана аталган райондор 1924-1925-жылдары Тажикстанга өтүп кеткени айтылды. 2010-жылдарга чейин ал райондордун калкынын 90 пайызын этникалык кыргыздар түзүп, райондун жетекчилери жергиликтүү калктын өкүлдөрүнөн дайындалган. Учурда Тажик жетекчилер башкарып келет. Ал жердеги этникалык кыргыздардын абалы жакшы […]

Сизге жагышы мүмкүн