Эки мөңгүгө араб шейхдеринин ысымы берилмей болду

Автор

Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Борду дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө “Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйында баяндама жасаган Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-октябрындагы № 354 жарлыгынын 2-пунктун ишке ашыруу, ошондой эле Бириккен Араб Эмираттары жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын эске алуу менен эки тараптуу кызматташтыкты андан ары бекемдөө жана өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.

Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян жыйырманчы кылымдын көрүнүктүү тарыхый инсаны, БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи президенти, ал жети эмиратты бир бүтүнгө бириктирүүдө жана БАЭнин болуп көрбөгөндөй өнүккөн мамлекетин түзүүдө маанилүү роль ойногон.

Андан сырткары, “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Сары-Чат дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак массивинде жайгашкан № 331 аты жок мөңгүгө “Король Абдулазиз” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору да үчүнчү окууда жактырылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Нандын баасына  жөнгө салуу киргизилди

Кыргызстанда нандын баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. “2023-жылдын 8-сентябрындагы “Социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу” токтомуна ылайык, социалдык мааниге ээ нанга жана нан азыктарына баалардын өсүшүнө жол бербөө, алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында министрлер кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтому менен […]

Сизге жагышы мүмкүн