Үч округдан 42 киши талапкер болуу үчүн арыз берди

Автор

Ош, Кара-Суу жана Баткен бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү аяктады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, үч шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин 42 жаран билдирди.
28-мартка карата Баткен шайлоо округу боюнча 12 талапкер, Кара-Суу шайлоо округу боюнча — 12 талапкер, Ош шайлоо округу боюнча — 18 талапкер, анын ичинен 2 аял.
31-мартка чейин талапкерлер каттоодон өтүү үчүн документтерин толук тапшырышы керек:
-шайлоо күрөөсүн төлөгөндүгүн тастыктаган документ;
-жогорку кесиптик билими жөнүндө документтин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
-иштеген же окуган жеринен маалымкат;
-бекитилген форма боюнча биографиялык жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалымат.
БШК талапкерлердин мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн карап чыгып, 8-апрелге чейин депутаттыкка талапкерлерди каттайт. Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин 8-апрелде шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат, ал 27-апрелде саат 8:00дө аяктайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: Саарлык тууралуу хадистер

Сухур – ооз жабуу; ооз бекитүү ниетиндеги тамактануу. Убактысы таңкы намазга азан чакырылганга чейин аткарылганы жакшы. Хадис: «Сухурда береке бар, аны калтырбагыла. Бир ууртам суу болсо да аткаргыла. Акыйкатта, Аллах сухур кылган адамдарды мактайт, периштелер алар үчүн дуба кылышат». (Муснад Ахмад) Хадис: «Сухур кылгыла, анда береке бар». (аль-Бухари, Фатх: 4/139) […]

Сизге жагышы мүмкүн