Мечитке айландырылган мектеп кайтарылды

Автор

Ысык-Ата районунда мечит катары пайдаланылып келген мурдагы мектептин имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Бирдик айылындагы мектептин баасы 709 чарчы метр жери менен 22 миллион 84 миң сомду түзөт.
Ысык-Ата райондук прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында Кант райондук администрациясы (азыркы Ысык-Ата райондук администрациясы) жана Бирдик айыл өкмөтүндө иштегендер айылдагы мектептин имараты менен анын жер тилкесин мечит катары пайдалануу үчүн жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп жибергени аныкталган. Билим берүү мекемесинин имараты мамлекеттин менчигине кайтарылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Король өлүмү тууралуу маалыматтан кийин сепилден көрүндү

Улуу Британиянын королу Чарльз III анын өлүмү тууралуу маалымат каражаттарына тарагандан кийин Виндзор сепилинен чыгып баратканын көрүшкөнүн Daily Mail басылмасы жазды. Маалыматка ылайык, монарх Виндзор сепилинен чыгып Лондондогу Кларенс Хауска келген. Рак оорусунан улам дарыланып жаткан 75 жаштагы Чарльз III падышалык лимузиндин артында отурган сүрөттөрү жарыяланды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн