Аптанасаат: Саарлык тууралуу хадистер

Автор

Сухур – ооз жабуу; ооз бекитүү ниетиндеги тамактануу. Убактысы таңкы намазга азан чакырылганга чейин аткарылганы жакшы.
Хадис: «Сухурда береке бар, аны калтырбагыла. Бир ууртам суу болсо да аткаргыла. Акыйкатта, Аллах сухур кылган адамдарды мактайт, периштелер алар үчүн дуба кылышат». (Муснад Ахмад)
Хадис: «Сухур кылгыла, анда береке бар». (аль-Бухари, Фатх: 4/139)
Хадис: «Сухур — берекелүү тамак, анда Китеп ээлеринен айырмачылык бар. Момундун сухурундагы эң жакшы тамак — курма». (Абу Дауд, 2345; Сахих ат-Таргиб, 1/448).
Хадис: «…Танкы шоола карадан ак жипти айырмалагычакты жеп, ичкиле…» деген аят түшкөндөн кийин мен кара жана ак арканды жаздыгымдын алдына жаздап коюп, түндөсү туруп карап айырмалай албай койдум. Таң эрте Аллахтын Элчисине (саллаЛлаху алейхи ва саллам) барып бул тууралуу айтканымда, ал мындай деди: «Акыйкатта, кара (өң) –түн жана ак (өң)-күндүз». (Бухари 33/1916)

Бөлүшүү:
Next Post

Макрон: Путиндин G20 саммитине чакырууну башкалар менен талкуулоо керек

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Ассоциациянын башка мүчөлөрү менен Владимир Путинди Бразилияда өтүүчү G20 саммитине чакыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу ал Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда билдирди. «Ким эмнени ойлоп жатат, алар башкалар менен кантип иштеп жатат деген суроо болот. Бул […]

Сизге жагышы мүмкүн