Үч балалуу үй-бүлөлөргө батир берүү сунушталды

Автор

Россия Федерация кеңешинин төрайымы  Валентина Матвиенко үчүнчү баласы төрөлгөн үй-бүлөлөргө батир берүү демилгесин көтөрдү.

Бул тууралуу Валентина Матвиенко парламенттик угууда билдирди.  Саясатчы Санкт-Петербургда  губернатор болуп турганда үй-бүлөлөр үчүнчү баласы төрөлгөндө батир алуу үчүн кезекке турушканын эске салды.

Буга чейин Валентина Матвиенко көп балалуу үй-бүлөлөрдү жеке киреше салыгын төлөөдөн бошотууну сунуштаган.  Ошондой эле ал неберелерин тарбиялоо жана багуу менен алектенген чоң ата, чоң энелерге колдоо көрсөтүү чараларын ойлонууга чакырган.

Бөлүшүү:
Next Post

Илим күнү! Догдуркүл Кендирбаева окумуштууларды куттуктады

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева окумуштууларды жана илимпоздорду кесиптик майрамы — Илим күнү менен куттуктады. Министрдин куттуктоосунда мындай деп айтылат: “Урматтуу кесиптештер! Ардактуу окумуштуулар! Кымбаттуу достор! Илим күнү менен куттуктайм! Адамзат коомчулугунун азыркы учурун жана келечегин илимсиз жана анын жетишкендиктерисиз элестетүү мүмкүн эмес. Тынчтыкка жана коомдук өнүгүүгө жетишүүдө […]

Сизге жагышы мүмкүн