Отун алуу үчүн 71 миллион доллар берилет

Автор

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещуктун айтымында, батыш мамлекеттери фронтко жакынкы конуштардын тургундары үчүн отун сатып алуу үчүн өлкөгө 71 миллион доллардан ашык каражат бөлөт.
Бул жаңжал жүрүп жаткан аймактарга жакынкы калктуу конуштарга тиешелүү. Жайгашкан жерине жараша жарандарга отун сатып алуу үчүн накталай акча берилет же түз эле үйлөрүнө жеткирилет.
Буга чейин Украинанын премьер-министри Денис Шмыгал келе жаткан кыш мамлекеттин энергетика системасы үчүн оор болорун билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

UWW: Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде сап башына чыкты

Айпери Медет кызы Айпери Медет кызы Бириккен күрөш уюмунун (United World Wrestling) версиясы боюнча 76 килограммга чейинки салмак категориясында дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу күрөш дүйнөсүнүн расмий сайтында маалымдалат.   Анын маалыматына ылайык, кыргызстандык айымдын эсебинде 82 миң 600 упай бар.   Белгилей кетсек, жаңыланган рейтингде Медет кызы […]

Сизге жагышы мүмкүн