Польша Вагнер менен күрөшүүчү атайын бөлүм түзөт

Автор

Польша Вагнер коркунучуна каршы туруу үчүн атайын сапер отрядын түзүүдө.  Бул тууралуу Польшанын коргоо министри Твиттер баракчасына жазды.
“Польша жакында Белоруссия, Литва жана Россиянын чек арасына жакын жайгашкан Августове шаарында сапердик батальон түзөт”,-деп 23-июлда өлкөнүн Коргоо министрлигинин башчысы билдирди.
Буга чейин Александр Лукашенко Владимир Путин менен жолугушууда Белоруссияда жайгашкан Вагнер жоокерлери Варшавага экскурсияга барууну каалап жатканын айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

26-июлга карата аба ырайы

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 26-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорундаөткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39, Таласта  түнкүсүн +14…+19, күндүз +33…+38, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +34…+39, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн