Үчүнчү алтын: Акылбек Талантбеков Азия чемпиону болду

Автор

Кыргызстандык балбан Акылбек Талантбеков Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту.

Грек-рим күрөшү боюнча 82 кг салмактын финалында Талантбеков казакстандык Диас Кален менен кармашып, аны 3:2 эсебинде жеңип алды.

Кыргыз балбаны буга чейин индиялык спортчуну 7:1, ирандык балбанды 6:0 эсебинде артта калтырган.

Аталган мелдеште Акжол Махмудов (77 кг) жана Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын, Роман Ким (130 кг) коло медаль багындырды.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

Бүгүн, 11-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-апрелде 9:00дөн 24:00гө чейин шаардын Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циалковский, Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрүндө, Рабочий городок, Айыл чарба институту, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштары (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы), Теңир-Тоо конушунда (Ахунбаев […]

Сизге жагышы мүмкүн