Футбол: “Ак шумкарлар” Мьянма жана Индиянын командалары менен беттешет

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянма жана Индиянын командалары менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оюндар 16-марттан 20-мартка чейин Калькутта шаарында (Индия) өтөт. Анда Кыргызстандын курама командасы футбол боюнча үч улуттун эл аралык турниринин алкагында Индия жана Мьянманын курама командалары менен эки жолдоштук беттеш өткөрөт.

Александр Крестинин жетектеген машыктыруучулар штабы командага 23 оюнчуну чакырган.

 “Ак шумкарлардын” курамасы:

Дарбазачылар:

  • Эржан Токотаев («Каспий», Казакстан);
  • Антон Коченков («Арсенал», Россия);
  • Султан Чомоев («Дордой»).

Коргоочулар:

  • Християн Браузман («Абдыш-Ата»);
  • Айзар Акматов (эркин оюнчу);
  • Александр Мищенко («Дордой»);
  • Кайрат Жыргалбек уулу («Аксу», Казакстан);
  • Тамирлан Козубаев («Истерн», Гонконг);
  • Бекжан Сагынбаев («Китчи», Гонконг);
  • Арслан Бекбердинов («Абдыш-Ата»);
  • Сүйүнтбек Мамыралиев («Дордой»).

Жарым коргоочулар:

  • Эрбол Атабаев («Динамо», Махачкала);
  • Муролимжон Ахмедов («Дордой»);
  • Турсунали Рустамов («Дордой»);
  • Николай Давыдов («Изманинг», Германия);
  • Гулжигит Алыкулов («Кайрат», Казакстан);
  • Магамед Узденов («Алга»);
  • Рауль Джалилов («Алга»);
  • Алимардон Шукуров («Неман», Беларусь);
  • Кай Мерк («Унион Титус- Петанж», Люксембург).

Чабуулчулар:

  • Эльдар Молдожунусов («Нефтчи»);
  • Шерали Юлдашев («Дайнава», Литва);
  • Эрнист Батырканов («Келантан Юнайтед», Малайзия).
Бөлүшүү:
Next Post

Германияда иштеш үчүн немис тилинин кереги жок

Германия башка өлкөлөрдөн келип иштей тургандар үчүн “немисче билүү шарт эмес” деген мыйзам долбоорун парламентке сунду. Эми Немис өкүмөтү өлкөгө 2 млн ишчи кабыл алат. Ушул эле мыйзам долбоорунда немис атуулдугун алгысы келгендер үчүн жеңилдетилген шарттар каралган. Мындан ары Германияда туруктуу 3 жыл жашагандар үчүн атуулдук бериле баштайт. Бул мыйзам […]

Сизге жагышы мүмкүн