Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

Автор

Бүгүн, 11-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-апрелде 9:00дөн 24:00гө чейин шаардын Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циалковский, Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрүндө, Рабочий городок, Айыл чарба институту, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштары (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы), Теңир-Тоо конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн төмөн тарабы) суу болбойт.

Суу “Гагарин”, “Түштүк-Батыш” суу алгычтарындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

 

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алуусун суранат.

Бөлүшүү:
Next Post

ДССУ: Дарыгерлер жетишсиз

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Аднан Гебрейесус дүйнөдө 10 миллион медициналык адистердин жана социалдык кызматкерлердин жетишсиздигин билдирди. Бул тууралуу уюмдун 75 жылдыгына жана Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган брифингде билдирди. ДССУнун башчысынын айтымында, эң жакыр өлкөлөр медициналык кадрлардын жетишсиздигине дуушар болушат. Ал белгилегендей, COVID-19 пандемиясынын учурунда дүйнө […]

Сизге жагышы мүмкүн