Месут Өзил футболду таштады

Автор

Соңку убакта “Стамбул Башакшехир” клубунда  ойногон, дүйнө чемпиону Месут Өзил футболдук карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады.

34 жаштагы Месут Өзил “Реал Мадрид” клубундагы футболкасы менен социалдык баракчасына  сүрөтүн жарыялап, футбол менен кош айтышканын билдирди:

17 жылга жакын убакыттан бери профессионал футболчу болуу сыймыгына ээ болгонун белгилеген Өзил : “Бул мүмкүнчүлүк үчүн абдан ыраазымын. Бирок акыркы жумаларда жана айларда бир аз жаракат алгандан кийин убакыттын жеткени белгилүү болду. Ошондуктан футболдук карьерамды токтотууну чечтим”, – деп билдирген

Карьерасынын эстен кеткис көз ирмемдер жана сезимдер менен коштолгон кереметтүү саякат болгонун белгилеген Өзил, форма кийген Шальке 04, Вердер Бремен, Реал Мадрид, Арсенал, Фенербахче жана Медипол Башакшехирдеги бардык командалаштарына ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 23-мартка карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 46 тыйындан  болсо, сатуу  88  сом 28 тыйынга чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 42 тыйын  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн