Үзүр Жузупбеков Азия чемпионатында алтын үчүн күрөшөт

Автор

Кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Үзүр Жузупбеков грек-рим күрөшү боюнча 97 кг салмакта мелдештин тандоо турунан баштап катышууда. Ал кореялык жана казакстандык балбанды утуп, жарым финалга өттү. Анда Жузупбеков индиялык атаандашын 9:0 эсебинде жеңип алды.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Сүйүнчү! Жоламан Шаршенбеков Азиянын эки жолку чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту. Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышты. Алгач ал индиялык Сумит аттуу балбанга бир дагы упай бербестен 10:0 эсебинде утуп алды. Жарым финалда кыргыз балбаны япониялык Майто Кавананы 4:0 эсебинде артта […]

Сизге жагышы мүмкүн