Лионель Месси пенсияга чыгууну ойлобойт

Автор

«Интер Майами» жана Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси келечекте эмне кыларын азырынча ойлоно электигин айтты. Атактуу футболчунун айтымында, ал пенсияга чыгууну ойлобойт.
«Мен пенсияга чыкканда эмне кылам деп ойлоно элекмин. Келечекти ойлобой, ар бир күнүм, ар бир көз ирмем менен ырахат алганга аракет кылам. Азырынча эч нерсе ачыктала элек. Мен бир аз убакытка чейин ойноону улантам деп үмүттөнөм. Убагы келгенде сөзсүз түрдө башка, жаңы кесип табам. Мен оюнчу катары бардык кыялдарымды ишке ашыра алганым үчүн бактылуу болдум. Кудай берген бардык нерседен ырахат алганга аракет кылам. Ал мага көп нерсе берди», – деди Месси Big Time AS подкастында.
Месси “Барселонанын” бүтүрүүчүсү, ал 2003-жылдан 2021-жылга чейин ойногон. Андан кийин ал ПСЖда эки сезон өткөрүп, өткөн жайдан бери АКШнын Интер Майаминин түстөрүн коргоп келет.
Эске салсак, Лионель Месси дүйнөдөгү эң көп медаль алган футболчу жана 2024-жылы 20-июндан 14-июлга чейин АКШда өтө турган Америка Кубогунда улуттук курама командада ойноону пландоодо.

Бөлүшүү:
Next Post

"Крокус Сити Холлдогу" окуя боюнча дагы бир адам кармалды

“Крокус Сити Холлдогу” каргашалуу окуяны уюштургандарга тийешеси бар делген дагы бир адам кармалды. Мындай маалыматты Орусиянын тергөө комитети билдирди. Аны камакка алуу боюнча сотко өтүнүч келтире турганын маалымдаганы менен кармалган адамдын аты жөнүн ачыктаган жок. Федералдык коопсуздук кызматы кандуу окуяга тийешеси бар делген 11 кишини камакка алды. Аткылоонун кесепетинен 143 […]

Сизге жагышы мүмкүн