Сүйүнчү! Жоламан Шаршенбеков Азиянын эки жолку чемпиону болду

Wp Pw
0 0
Read Time:23 Second

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту.

Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышты. Алгач ал индиялык Сумит аттуу балбанга бир дагы упай бербестен 10:0 эсебинде утуп алды. Жарым финалда кыргыз балбаны япониялык Майто Кавананы 4:0 эсебинде артта калтырып, финалга өттү.

Алтын үчүн кармашта Шаршенбеков кореялык Ханджэ Чунду караандатпай жеңип алды.

.Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Үчүнчү алтын: Акылбек Талантбеков Азия чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Акылбек Талантбеков Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту. Грек-рим күрөшү боюнча 82 кг салмактын финалында Талантбеков казакстандык Диас Кален менен кармашып, аны 3:2 эсебинде жеңип алды. Кыргыз балбаны буга чейин индиялык спортчуну 7:1, ирандык балбанды 6:0 эсебинде артта калтырган. Аталган мелдеште Акжол Махмудов (77 […]