Бразилия менен Аргентинанын футбол күйөрмандары мушташты

Автор

Рио-де-Жанейродогу “Маракана”  стадионунун трибунасында Бразилия менен Аргентина курама командаларынын 2026-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо матчында массалык мушташ чыкты.

Бразилиянын гимни ойнолуп жаткан учурда командалардын күйөрмандары бири-бири менен мушташа башташкан, андан соң жергиликтүү полиция кырдаалга кийлигишип, зомбулук көрсөткөн футбол күйөрмандарын таяк менен тынчыта баштаган. Натыйжада беттештин башталышы жарым саатка кечигип калды.

Окуяга эмне түрткү болгону белгисиз, бирок трибунада башаламандык өкүм сүрүп, конок капитан Лионель Месси командасын талаадан алып чыгууга аргасыз болду.

Оюн 1:0 эсебинде Аргентина жениши менен аяктады.

Бөлүшүү:
Next Post

Мыкты кожейке болуунун сырлары эмнеде?

Эркектер аялдын назик, сезимтал, жароокер болгонун жактырышат. Орой болбоңуз жанан көп даттана бербеңиз. Ошондуктан бул жөнүндө пайдалуу кеңештерди сунуш кылабыз. Акылдуу болуңуз Идеалдуу аял акылдуу болууга тийиш, бирок анысын жашыра билүү керек. Күйөөңүздү өзүңүздүн акылдуулугуңуз менен басынтпаңыз жана аңкоолугуңуз менен кыжырдантпаңыз. Жаман адаттардан баш тартыңыз Тамеки чекпеңиз, ичимдик ичпеңиз, мас […]

Сизге жагышы мүмкүн