Эртең Чолпон-Ата шаарында Көк бөрү боюнча Дүйнө кубогу башталат

Автор

Эртең, 13-августта Ысык-Көлдө көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө биринчилиги  башталат. Бул тууралуу КР Көк бөрү федерациясы билдирди.

«Спорттук иш-чара үч форматта өтүп, ага сегиз мамлекеттен 12 клубдар катышат. Биринчи форматта Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку лигасында ойногон төрттөн сегиз клубу катышат. Анда Кыргызстандан «Сары-Өзөн», «Достук», «Ынтымак», «Мурас» клубдары ойнойт. Бул турнирдин максаты кыргыз-казак достугун чыңдоо болуп саналат», — деди ал.

Экинчи форматта Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Венгрия, Монголия, Россия жана АКШдан жалпы 12 клуб ат салышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Эртең мененки тамакта жашыл калемпирди керектесеңиз эмне болот?

Эгер ар бир эртең мененки тамакта жашыл калемпирди керектесеңиз эмне болот? Анын себептерин адистер айтып беришти. Анткени, анда мандарин менен апельсинге караганда С витамини көбүрөөк. Ал стрессти азайтуучу таасирге ээ Курамындагы К витамини кан агууну азайтат. Мындан тышкары, А витамини көзгө пайдалуу Бул күчтүү антиоксидант Бул жоон ичеги рагына каршы […]

Сизге жагышы мүмкүн