Жанни Инфантино кайрадан ФИФАнын президенти болуп шайланды

Автор

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти болуп кайрадан Жанни Инфантино шайланды. Руанданын борбор шаары Кигалиде өткөрүлгөн ФИФАнын 73-конгрессинде президенттик шайлоо өткөрүлдү.

Шайлоого жалгыз талапкер катары катышкан  52 жаштагы Жанни Инфантино 2027-жылга чейин дүйнөлүк футболдун кожоюну  болгон ФИФА уюмун жетектейт.

Шайлоодон кийинки кыска ыраазычылык сөзүндө Инфантино: “ФИФАнын президенти болуу  сыймык жана жоопкерчилик болуп саналат. Сиздердин колдооңуздар мени сыймыктандырды жана таасирлентти. Мени жакшы көргөндөр жана  жек көргөндөр толтура, бирок мен баарыңарды жакшы көрөм”, -деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Саясий оюндар али алдыдабы?

Испанияда дарыланып жаткан Алмазбек Атамбаев күздө үлкөн өзгөрүүлөрдү күтүп жатканы боюнча тарапташтарына шыбыраганын айрым ММКлар жазып чыгышты. Коомчулук болсо, “ал кайда жүрбөсүн жөн жатпайт. Алмазбек Атамбаев саясий интригаларды жакшы өздөштүргөн саясатчы”, – деген пикирлерин билдиришүүдө. Дарылануусу аяктап, Кыргызстанга келгенден кийин кээ бир саясий фигуралар менен жолугушаары тар чөйрөдө айтылууда. Учурда […]

Сизге жагышы мүмкүн