Эртең “Акшумкарлар” Оман курамасы менен  беттешет

Автор

Эртең, 21-ноябрда “Кыргызстан-Оман”  беттеши болот. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда кыргыз футболчулары атаандашына каршы оюнга даярдык көрүп жатат. Кечээ спортчулар Канттагы «Спорт Сити» комплексинин оюн талааларында машыкты.

Оюн саат 19:00дө Дөлөн Өмүрзаков стадионунда болот.

Эскерте кетсек, 16-ноябрда Кыргызстан менен Малайзиянын Куала-Лумпурдагы беттеши 3:4 эсебинде жыйынтыкталып, “Ак шумкарлар” жеңилүү ызаасын тарткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Пентагондун башчысы Киевге келди

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин дүйшөмбү күнү расмий сапар менен Киевге келди.  «Бүгүн мен маанилүү билдирүүнү жеткирүү үчүн келдим – АКШ Украинага каршы эркиндик үчүн күрөшүндө колдоо көрсөтүүнү улантат»,-деп айтылат Остиндин билдирүүсүндө. Пентагондун башчысы украин жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүүнү пландоодо. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн