Париж -2024: Олимпиадада уникалдуу медалдар ыйгарылат

Автор

2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрү ала турган медалдар көрсөтүлдү.
Уюштуруу комитетинин билдиргенине караганда бул сыйлыктарды өзгөчө кылган нерсе, алар Эйфель мунарасынын бир бөлүгү болгон металл сыныгынан турат.
«Бул баалуу металлдарды – алтынды, күмүштү жана колону Эйфель мунарасындагы эң кымбат баалуу металл – француз таажы зергери менен айкалыштыруу боюнча чоң иштер жасалды. 2024-жылкы Олимпиаданы уюштуруу комитетинин төрагасы Тони Эстангу: “Айрыкча, бул медалдарда алардын айкалышы, биригүүсү бар” деп түшүндүрөт.
Бул идеяны ишке ашыруу үчүн зер буюмдарын өндүрүү боюнча адис Chaumet тапшырылган, компания өзүнүн укмуштуудай чыгармалары менен дүйнөгө белгилүү.
Эске салсак, 2024-жылкы Олимпиада Парижде 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Алдыдагы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын спортчулары да өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Илхам Алиев: Үчүнчү дүйнөлүк согушка аз калды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев шаршемби күнү инаугурация аземинде сүйлөп жатып, дүйнө чындыгында үчүнчү дүйнөлүк согушка абдан аз калганын билдирди. “Бүгүнкү күндө дүйнөдө болуп жаткан процесстерди ар бир адам көрүп турат. Дүйнө чындыгында үчүнчү дүйнөлүк согушка абдан аз калды. Айрымдар бул үчүнчү согуш эбак эле башталган деп эсептешет. Албетте, азыркы согуштар […]

Сизге жагышы мүмкүн