Ош облусунда көк бөрү боюнча президенттин кубогу уланууда

Автор

Ош облусундагы “Төлөйкөн” ат майданында Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата көк бөру боюнча КР президентинин кубогу уланууда.  Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнирге 6 команда катышууда, ал эми кечээ жалпы 3 оюн өттү.

Алгач экинчи лиганын “Ош шаары” жана “Биримдик” командалары ойноп, 7:5 эсебинде Ош шаарынын командасы жеңишке жетти.

Ал эми кийинки беттештер жогорку лиганын командалары арасында өтүп, “Достук” командасы 13:4 эсебинде “Жаштык” командасын жеңди.

Акыркы оюнда “Ынтымак” менен “Мурас командасы беттешип, 6:1 эсебинде “Ынтымак” командасы утту.

Белгилей кетсек, бүгүн, 30-августта “Кара-Суу” “Ош шаары” комндасы менен, 40 жаштар арасында “Биримдик” командасы “Сары-Өзөн” менен, “Жаштык” жана “Мурас” командалары 3-орун үчүн беттеш өткөрөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Аэропортко чабуул коюшту. Россиялык учактар ​​жабыркады

30-августка караган түнү Россия Федерациясынын Псков эл аралык аэропорту “Крест” (Украинадан 700 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан) учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганын облустун губернатору Михаил Ведерников билдирди.  Анын айтымында, орус аскерлери учкучсуз учактын чабуулун кайтарууда.  «Окуя башталгандан бери мен өзүм окуя болгон жерде болдум.  Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.  Кыйроонун масштабы такталууда»,-деди […]

Сизге жагышы мүмкүн