Эрих Мария Ремарк : Жашоо жөнүндө

Автор

Өткөн кылымдын эң көрүнүктүү жазуучуларынын бири Эрих Пауль Ремарк адабияттагы “жоголгон муундун” эң жаркын өкүлү болуп саналат. Алар жаштык идеалдарынан ажырап, көңүлү чөккөн жаштар жөнүндө сөз кылышкан. Атактуу жазуучунун өмүр, өлүм тууралуу ойлоруна көңул бурсак:
1. Сиз ээ боло албаган нерселер, дайыма жакшыраак көрүнөт. Адам турмушунун романтикасы жана акмактыгы ушунда турат.
2. Жашоонун алгачкы жетимиш жылы эң кыйын деп айтышат. Калганы баары бир калыпта өтөт.
3. Жашоо – бул өтө көп парустары бар жел кайык, ошондуктан ал каалаган учурда оодарылып кетиши мүмкүн.
4. Өкүнүү – бул дүйнөдөгү эң пайдасыз нерсе. Эч нерсе кайтарылбайт. Эч нерсени өзгөртүүгө мүмкүн эмес . Болбосо баарыбыз эле олуя болуп кетмекбиз. Жашоо бизди кемчиликсиз кылууну каалаган эмес. Кемчиликсиз адам музейде болот.
5. Принциптер кээде бузулушу керек, антпесе алардын кубаныч жок.
6. Өлгүң келгенче жашагандан көрө, жашагың келгенде өлгөн жакшы.
7. Эмне болсо да, эч нерсени жүрөгүңө жакын кабыл алба. Дүйнөдөгү аз эле нерселер маанилүү бойдон калат.
8. Азыркы жаштар кандай кызык? Өткөндү жек көрөсүңөр, азыркыдан качасыңар, келечекке кайдыгер болосуңар. Бул жакшы жыйынтыкка алып келбейт.
9. Жашоо – бул жашоо, ал эч нерсеге жана чексиз кымбатка турат.
10. Акча дайыма бакыт алып келбейт, бирок ал абдан тынчтандыруучу таасирге ээ.
11. Аялды абдан сүйүп, жарды болуу кандай коркунучтуу.
12. Жашоого арзырлык нерсесин жоготкондор гана эркин болушат.
13. Адамды эч жерде эч нерсе күтпөйт, ар дайым бардыгын өзү менен алып жүрүшү керек.

Бөлүшүү:
Next Post

Коррупция менен күрөштөн 100 млрд сом каражат түштү

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөш, андан мамлекетке өндүрүлгөн каражаттар тууралуу сын пикирлерге жооп берди. Ал дайым эле коррупцияга каршы күрөштөн жалпы 100 млрд сомдон ашык акча каражаты өндүрүлгөнүн айтып келет. “20 миллиард сом дегениңиз бери жагы, бираз эскирээк маалымат. Бүгүнкү күндө накталай түрдө 40 миллиард сом каражат мамлекеттик […]

Сизге жагышы мүмкүн