Кеңешбек Жумабаев: “Мен өзүмдүн чындыгымды далилдейм”

Автор

“Шайлообек Атазовдун мандатынын алынышы мыйзамсыз. Шайлоо мезгилинде акча берди деп күбөгө тарткандарыңар мени таанышпайт экен. Алар мени сотто көрүштү. Алгач, 3 миң сом берди дедирттиңер эле, кийин эптеп, септеп атып, 15 миң сомго чыкты”.- деп билдирди Кеңешбек Жумабаев.
Ал кезинде Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Шайлообек Атазовдун шайлоо штабын жетектеген. “Мен өзүмүн чындыгымды далилдейм. Сот өкүмү менен 1 ай жатып чыккан адам катары белгилеп өтөйүн, Жогорку Сотко кайрылам, андан калса, БУУга чейин барам”,- деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда орточо айлык маяна 33,6 миң сомду түздү

2024-жылдын январын карата Кыргызстанда орточо айлык маяна 33 миң 664 сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Анын айтымына караганда, 2023-жылга карата өсүү 12,7% түзгөн. “Орточо айлык маянанын артышы чекене жана дүң соода тармагында, кыймылсыз мүлк менен операциялар, авто жана мотоциклдерди […]

Сизге жагышы мүмкүн