Мигранттар которгон акчалар азайды

Автор

Мигранттар которгон акчанын суммасы 12%га азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр мигранттар Кыргызстанга 2 млрд 706,1 млн доллар которушкан. Ал эми акча которуу 2022-жылга салыштырмалуу 12%га азайган. Анда акча которуулар тутуму аркылуу өлкөгө 3 млрд 86,5 млн доллар которулган.
2023-жылы түшкөн акчанын 93,5%дан ашыгы Орусияга туура келет, ал жактан 2 млрд 531,5 млн доллар которулган, бул көрсөткүч наркы жылга салыштырмалуу 13,8%га азайган. КМШнын башка өлкөлөрүнөн 19,4 млн доллар түшкөн.
2023-жылы алыскы чет өлкөлөрдөн акча которуулардын көлөмү 155,3 млн долларды түздү – жеке жактардын 29%ы (45,3 млн доллар) Кыргызстанга АКШдан которгон. Ал эми бул көрсөткүч 2022-жылы 134,2 млн доллар түзгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Криминалдык топтор акча талап кылса кайда кайрылса болот?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ишкерлерди криминалдык топтор тарабынан коркунуч жаралган учурда кайрылууга чакырды. Ведомстводон белгилешкендей, кимде ким криминалдык топтор менен коюн колтук алышып, бирге бизнес кылып, бизнеси менен болушуп же ай сайын бизнесинен «отметка» кыла турган болсо, анда мыйзам чегинде жооп берет. “Эгер кокус криминалдык топтор бизнесмендерден, ресторан ээлеринен, завод-фабрикалардын […]

Сизге жагышы мүмкүн