Коррупция менен күрөштөн 100 млрд сом каражат түштү

Автор

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөш, андан мамлекетке өндүрүлгөн каражаттар тууралуу сын пикирлерге жооп берди. Ал дайым эле коррупцияга каршы күрөштөн жалпы 100 млрд сомдон ашык акча каражаты өндүрүлгөнүн айтып келет.
“20 миллиард сом дегениңиз бери жагы, бираз эскирээк маалымат. Бүгүнкү күндө накталай түрдө 40 миллиард сом каражат мамлекеттик бюджетке которулду. Эгерде биз мамлекетке толук өтүп бүтө элек акчалай, ошондой эле ар кандай кыймылсыз мүлк, мал, автоунаалар ж.б. түрүндөгү кирешелерди эске алсак, акыркы үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн түшүп жаткан сумма 100 млрд сомдон ашып кетти. Сот иштери бүткөндөн кийин калган каражаттар да өндүрүлүп, түздөн-түз казынага барып түшөт”, – деди УКМК төрагасы. Өткөн жумада Өмүрбек Суваналиев маек берип, кустуризация боюнча бийликти сындаган эле. “Баарын тарых өзү таразалап алат. Жакында биз коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгында канча акча түштү, кайсы күнү түштү, кимден түштү жарыя кылабыз”, – деди Камчыбек Ташиев саясатчы Өмүрбек Суваналиевдин сын пикирине жооп берип жатып.

Бөлүшүү:
Next Post

"Крокус Сити Холлдогу" окуя боюнча камакка алынгандардын бири көз жүмду

“Крокус Сити Холлдогу” каргашалуу окуяга байланыштуу камакка алынган чеченстандык Асхаб Успанов Москва полициясынын имаратында көз жумду. Анын катуу кыйноого алынып, өлтүрүлгөнүн 1 ADAT Телеграм-каналы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Асхаб Успановдун кабыргалары жана омурткасы сынып, денесинде муунтуудан калган тактар пайда болгон. Аталган телграмм каналы маркумдун сүрөттөрүн жарыялап, полиция аны өлтүрүп койгонун […]

Сизге жагышы мүмкүн