Эрдоган: “Евробиримдик Түркияны 40 жыл эшикте күттүрдү”

Автор

Анкара мындан ары Евробиримдиктен эч нерсе күтпөйт. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган парламенттин ачылыш сессиясында сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, Евробиримдик Түркияны 40 жыл бою эшигинин алдында күтүп турат. «Биз Евробиримдик тарабынан берилген бардык убадаларды аткардык, бирок алар дээрлик эч бирин аткарышкан жок»,-деди Эрдоган Түркиянын ЕБге кошулуусу үчүн мындан ары эч кандай жаңы талаптарга же шарттарга чыдабай турганын белгиледи.
Эске салсак, Түркия 1987-жылдын 14-апрелинде Европа Биримдигине кирүү үчүн арызын берген. Өлкө Евробиримдикке талапкер статусун 1999-жылы алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте тез татым жайында 21 адам ууланды

Бишкекте Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан тез татым түйүндөрүндө массалык уулануу катталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан 21 адам жабыркап, 15 адам Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды, алардын экөө жаш балдар. Дагы алты адам амбулатордук дарыланууда. Тергөөнүн жүрүшүндө санитардык жана […]

Сизге жагышы мүмкүн