Экс-президент 20 жылдан ашык түрмөгө кесилиши мүмкүн

Автор

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка 2021-жылдын 6-январында Капитолийге болгон чабуулга байланыштуу айып тагылды. Ал 20 жылдан ашык абакка кесилиши мүмкүн.
Айып төрт берене боюнча коюлган. Трамп укуктарды бузуу, өкмөттү алдоо, кызматтык иликтөөгө тоскоолдук кылуу, тергөөгө тоскоол болуу үчүн кутум уюштурган деп айыпталган.
Трамп Вашингтондогу федералдык соттун имаратына 3-августта келиши керек.
Трамп айтылгандарды 2024-жылдагы АКШдагы президенттик шайлоого байланыштуу куугунтук деп эсептеп, бир дагы иш боюнча күнөөсүн мойнуна албай жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Кыргызстан Олимпиада оюндарына даярдык көрүүдө

Кыргызстан 2024-жылы Франциянын борбору Париж шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк Жайкы Олимп оюндарына катышууга даярданып жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата 2023-жылдын календардык планы иштелип чыгып, ага бардык рейтингдик турнирлер жана окуу-машыгуу жыйындары кирип, бекитилген. Кыргызстандык спортчулар (бокс, дзюдо, оор […]

Сизге жагышы мүмкүн