Париж -2024: Кыргызстан Олимпиада оюндарына даярдык көрүүдө

Автор

Кыргызстан 2024-жылы Франциянын борбору Париж шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк Жайкы Олимп оюндарына катышууга даярданып жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата 2023-жылдын календардык планы иштелип чыгып, ага бардык рейтингдик турнирлер жана окуу-машыгуу жыйындары кирип, бекитилген.

Кыргызстандык спортчулар (бокс, дзюдо, оор атлетика ж.б.) күрөштүн ар кандай түрлөрү боюнча чет элдик спортчулар менен биргеликте окуу-машыгуу даярдыктарын үзгүлтүксүз өткөрүп жатышат.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан тарыхта биринчи жолу 2024-жылы Парижде өтө турган Олимп оюндарына күрөш боюнча тандап алуу турнирин өткөрөт. Мелдештер 2024-жылдын 19-21-апрелинде өтөрү такталды. Бул күндөрү балбандар 4 жылда бир өтүүчү ири спорттук иш-чарага катышуу мүмкүнчүлүгүн Бишкек шаарында талашышат. Бүгүнкү күндө оюндарга даярдык көрүү жана катышуу боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, иш алып барууда.

Маалым болгондой, Бүткүл дүйнөлүк Жайкы Олимпиада оюндары 2024-жылы 26-июлдан 11-августка чейинки аралыкта Франциянын борбору Париж шаарында өтөт. Бүгүнкү күнгө карата парадзюдочу Хусан кызы Хайитхон Олимп оюндарына лицензия алды.

Бөлүшүү:
Next Post

Нарында жер титиреди

Нарын облусунда жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2-августта саат 12:01де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. «Ал эми Жумгал районунун Сары-Иймек жана Кара-Кече айылдарында жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор […]

Сизге жагышы мүмкүн