Экс-президенттин инисин акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

Автор

Казакстандын биринчи президентинин иниси Болат Назарбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Казакстандын Шамалган шаарында өтүүдө.  Болат Назарбаев 13-ноябрда Алматыда узакка созулган оорудан кийин каза болгон.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына мурдагы мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев өзү катышууда.
Болат Абишевичти акыркы сапарга узатуу үчүн Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов  келди.  Буга чейин президент Касым-Жомарт Токаевдин акыркы сапарга узатуу зыйнатына барбай турганы айтылган.
Болат Назарбаев 1953-жылы 23-мартта Алматы облусунун Шамалган айылында туулган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 22 медаль утту

Кыргызстандык окуучулар Түркиянын Анталия шаарында өткөн XV эл аралык билим олимпиадасында 22 медаль утту. Анын алтоо алтын, 9 – күмүш жана 7 – коло. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык. окуучулар химия, биология, математика, англис, түрк жана орус тилдери, ошондой эле көркөм сүрөт өнөрү боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн