Дарыга ууланган 68 баланын өлүмү боюнча сот процесси аяктоодо

Автор

Ташкентте Индиянын Marion Biotech фармацевтикалык компаниясынын “Doc-1 Max” дарысын ичкен 68 баланын өлүмү боюнча сот процесси аяктап жатат.
Прокурор “Quramax Medikal” бөлүштүрүү компаниясынын экс-директорун 20 жылга эркинен ажыратууну суранган. Мамлекеттик айыптоочу Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттигинин мурдагы жетекчисин жана анын эки орун басарын 18 жылга эркинен ажыратууну талап кылды.
Мындан тышкары соттолуучулардан каза болгон 68 баланын жана оор жаракат алган 16 баланын жакындарына 100 миллион сум, жалпысынан 8,4 миллиард сум өндүрүп берүүнү каалашат.
Өзбекстан 2022-жылдын декабрь айынын аягында Индиянын Marion Biotech фармацевтикалык компаниясынын суук тийүүгө каршы дарысын алгандан кийин жапырт ооруканага кайрылуулар болгон. Бул боюнча кылмыш иши 2023-жылдын августунда башталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж – 2024: Месси жайкы Олимпиадага катышабы?

Аргентина курама командасы футбол боюнча Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Аргентинанын капитаны Тиаго Алмада футбол жылдызы Лионель Мессинин Париждеги турнирге катышуусун айтып чыкты. Ал «Бизде даярданууга убакыт бар. Месси биз үчүн ойногусу келет деп үмүттөнөм. Бул укмуштуудай болмок. Месси макул болсо, капитандык боосун берем. Эми ал чечим кабыл алышы керек», – […]

Сизге жагышы мүмкүн