Стамбулда зилзала, 1 адам көз жумду

Автор

Кечээ түнкү саат 23:30 чамасында Түркиянын Чанаккале шаарында 4.9 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын таасири Стамбул жана Балыкэсир шаарларында да сезилди. Саламаттык сактоо министри Фахриддин Кожа “зилзала учурунда коркуудан улам 2-кабаттан секирип, бир адам көз жумду”,- десе, өлкөнүн ички иштер министри Али Йерликайа “абал тынч, имараттар бүтүн, ынгайсыз абал жаралган жок”,- деп билдирди. Ал эми “AFAD” уюму эпицентр (жер титирөө борборунун чөйрөсү) Чанаккаленин Йениже аймагы экенин маалымдады.
Дүйнөлүк сейсмалогдор Стамбул шаарында күчү 7 баллдан ашкан жер титирөө болоорун айтып, коңгуроо кагышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү: “Урматтуу мекендештер! Ардактуу агайын-туугандар! Сиздерди Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Улуттун улут катары сакталып, андан ары өнүгүүсү ошол улуттун тили, нарк-насили, тарых-таржымалы жана маданияты менен түздөн-түз байланышта. Ак […]

Сизге жагышы мүмкүн