Эки депутат Адахан Мадумаровдон кабар алды

Автор

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Эмил Токтошев “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын камактагы лидери Адахан Мадумаровдон кабар алып чыгышты. Эмил Токтошев билдиргендей, алардын жолугушуусу жарым сааттан ашык убакыт болгон.

“Абалы жакшы, тамак аш алып кирип бердик. 10 метр квадрат жерде эки киши жатат экен”,- деди депутат. Ал эми Жанар Акаев анын камалышы мыйзамсыз экенин, жүрөгү, шекер оорусу күчөп жатканын айтып, “ушинтип, бири бирибизди камай беребизби? Адахан Мадумаровду эч болбосо, үй камагына чыгарбаса, болбойт. Депутаттык комиссия түзүлсө, бул маселени көтөрөбүз”,-деди. “Кызмат абалынан кыянаттык” деген беренеси “мамлекетке чыккынчылык” дегенге өзгөртүлүп калганы туура эмес деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 20-сентябрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 88.65 сомдон  болсо, сатуу  88.76 сомго  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 88.71 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн