Тажикстанда Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленди

Автор

Тажикстан Республикасынын Улуттук китепканасында кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата тегерек үстөл болуп өттү.
Мындай маалыматты Таджикистандын белгилүү музыканты, “Парем” тобунун жетекчиси Олим Ширинов билдирди. Борбор Азия боюнча эң чоң китепкана Тажикстанда жайгашкан. Анда Чыңгыз Айтматов жөнүндө көркөм тасма көрсөтүлүп, илимдин жана адабияттын өкүлдөрү анын чыгармаларына токтолушту. Айрыкча, Чыңгыз Айтматов тирүү кезинде тартылып алынган Тажик элинин улуу акындары Мирзо Турсунзаде менен Садриддин Айни тууралуу курган маегин көрсөтүштү. Чыңгыз Айтматовду дүйнөлүк маданияттын кенчи жана Кыргыздын сыймыктуу уулу деп аташты.

Бөлүшүү:
Next Post

Пара сунуштап, калган байлыгынан да кол жууду

Вебкам студияларын уюштуруп, камакка алынган Даниел Ажиев УКМКнын кызматкерлерине 500 миң доллар пара сунуштаган. Өзгөчө кызматтын өкүлдөрү Ажиев сунуштаган акчаны анын аялынан табышкан. Ошондой эле кымбат баалуу унаа жана батирлерин кошуп, камакка алышкан. Быйыл Даниел Ажиев мамлекеттин казынасына 44 млн сом каражат төктү делген. Бирок, УКМК аны жалганга чыгарды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн