Суучул Денис Петрашов төртүнчү ирет Азия чемпиону болду

Автор

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчу быйылкы Азия чемпионатында 200 метр аралыкты 2 мүнөт 12,89 секундда сүзүп, экинчи алтынды жеңип алды. Петрашов 27-февралда 50 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө ишенимдүү жеңишке жетип, биринчи алтынын алган.
Азия чемпионаты Филиппинде өтүүдө. Бул мелдештерди Кыргызстандын суу спорту федерациясынын президенти Уланбек Акматбаев калыс катары тейлейт.
Эске салсак, спортчу буга чейин 2017 жана 2019-жылдары алтын медалдын ээси болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

ИИМ жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет

Ички иштер министрлиги жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет. Ведомстводон билдиришкендей, бомба тууралуу атайылап жалган маалымат таратуу коомдук коопсуздукка коркунуч келтирет. Мындай жалган кабарлар кадимкидей тартипти жана турмуштун нормалдуу ыргагын бузуп, мекеме-уюмдардын ишин аксатып, жарандарды эвакуациялоону талап кылат. «Мындай учурларда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттери жарандардын өмүрүнө жана ден […]

Сизге жагышы мүмкүн