Ысык-Көлдө чек арачылар үчүн жаңы пансионат ачылды 

Автор

Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чок-Тал айылында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жаңы ведомстволук пансионаты ачылды. Президенттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда салтанатка  Президент Садыр Жапаров катышты.

Өткөн жылы мамлекет башчынын тапшырмасы менен каралбай калган мурдагы “Дельфин+” пансионатынын аймагы бөлүнүп берилген, ал эми 2022-жылдын декабрынан тарта капиталдык курулуш жана объектти кайра куруу иштери жүргүзүлгөн.

Бул жерде заманбап ыңгайлуу корпустар, коттедждер, ден соолукту чыңдоочу жай, конгресс-холл, пансионаттын жашыл аймагы курулган, анда балдар ойноочу аянтчалары да бар. Чек арачылар өлкөнүн бардык облустарынан, анын ичинде алыскы райондордон келип, үй-бүлөлөрү менен бирге толук кандуу эс алууга жана ден соолугун чыңдоого мүмкүнчүлүк алышат.

Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, мамлекет башчысы чек арачы — күнү-түнү, суукта жана ысыкта мамлекеттик чек араны кайтарган Мекенди коргоочу кесибинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Бул ардактуу кесип ээлерине жогорку кесипкөйлүк, мыкты даярдык, бекем эрк гана талап кылынбастан, мекенчилдик сезим, бийик адамгерчилик, ар-намыска бек туруу, тайманбас жүрөк дагы талап кылынат. Мындай асыл сапаттарды алып жүргөн чек ара аскерлерибиз Ата Мекенге кынтыксыз кызмат кылуунун кепилдиги болушат. Дал ушундай көкжал, тоо жүрөк чек арачыларыбыздын буга чейинки куралдуу кагылышуулардагы, контрабандисттерге бөгөт коюудагы, террорчу-сепаратисттик топторду жок кылуудагы көрсөткөн эрдиктери, каармандыктары калк арасына жайылып, эл оозунан түшпөй келет. Ата Журттун бүтүндүгү, чек арабыздын бекемдиги, эл-журтубуздун бейпилдиги үчүн жан аябай кылган кызматыңар Айкөл Манас атабыздын урпактары экениңерди далилдеп турат”, – деп белгиледи президент.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте рейтингдик мелдеш аяктады

Бишкекте 1-4-июнь күндөрү күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Таймаштар грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча өтүп, ага дүйнөнүн булуң-бурчунан келген 500дөн ашык спортчу катышты. Бул мелтеште кыргызстандык спортчулар 4 алтын, 2 күмүш жана 8 коло медаль алышты. Грек-рим күрөшүнөн […]

Сизге жагышы мүмкүн