Сулайман-Тоо мечити оңдоп, түзөөдөн өткөрүлөт

Автор

Ош шаарында Сулайман-Тоо мечити УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен оңдоп, түзөөдөн өткөрүлөт. Мындай маалыматты өздүк булактарыбызга билдиришти.
Белгилүү болгондой, Сулайман Тоо мечити 2012-жылы курулуп бүткөн. Ошол кездеги чыгым 1 млн 200 миң доллар болгону, анын жарымын Саударавиялык уюмдар көтөрүп, калганын жергиликтүү донорлор каржылашканы маалымдалган.
Өткөн айларда мечиттин жамааты жана шаардын тургундары УКМКнын төрагасына кайрылышкан.
Анда 12 жылдан бери мечит оңдоп – түзөөдөн өтпөгөнү, айрым жерлеринин эскиргени, жолдорунун бузулганы, суу түтүкчөлөрү иштен чыкканы жана кафелдери сынып, кээ бир эшиктери жараксыз абалда калганы айтылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Эсептөө палатасынын инспектору кармалды

Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору Бишкек шаарындагы мектептердин жана бала бакчалардын директорлорунан акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин жана балдар чыгармачылык борборлорунун жетекчилеринен мамлекеттик бюджеттен каржылануучу акча […]

Сизге жагышы мүмкүн