Бишкекте рейтингдик мелдеш аяктады

Wp Pw
0 0
Read Time:39 Second

Бишкекте 1-4-июнь күндөрү күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Таймаштар грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча өтүп, ага дүйнөнүн булуң-бурчунан келген 500дөн ашык спортчу катышты.

Бул мелтеште кыргызстандык спортчулар 4 алтын, 2 күмүш жана 8 коло медаль алышты.

Грек-рим күрөшүнөн Бексултан Махмудов (97 кг), Дастан Кадыров (63 кг) жана Бексултан Назарбаев (82 кг) коло байге тагынды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы ((76 кг) алтын, Мээрим Жуманазарова коло утту.

Эркин күрөштөн Алмаз Сманбеков (57 кг), Тайырбек уулу Жумашбек (61 кг), Орозобек Токтомамбетов (70 кг) алтын, Бекзат Алмаз уулу (57 кг), Алибек Осмонов (65 кг) күмүш, Абдумалик Карачев (61 кг), Икромжон Хаджимуратов (65 кг), Эрназар Акматалиев (70 кг), Адилет Маратбаев (79 кг) коло медалга татыды.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Эрдоган НАТОнун баш катчысын кабыл алды

Президент Эрдоган Столтенберг менен жолугушту. Анда аймактагы окуялар менен катар Швециянын НАТОго мүчөлүгү талкууланды. Столтенберг жолугушуудан кийинки билдирүүсүндө: «Түркиянын НАТОнун Косовога кошумча аскер жиберүү чечимине ыраазымын. Түркия бул аракеттин башында турат»,-деди. Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Столтенбергдин жолугушуусу Долмабахчеде кеңсесинде саат 14.00дө башталды. Басма сөзгө жабык өткөн кабыл алуу болжол […]