Чаткалда эки кар көчкү станциясы ишке кирди

Автор

Чаткалда 1,17 млн долларга эки кар көчкү станциясы ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, станцияларды орнотуу “Кыргыз Республикасында тобокелдиктерди комплекстүү башкаруу жана Борбордук Азияда регионалдык кызматташуу боюнча потенциалды чыңдоо” долбоорунун алкагында Япониянын колдоосунда ишке ашырылды.

 

“Станциялар реалдуу убакыт режиминде так маалымат берип, калкты кар көчкү коркунучу тууралуу алдын ала кабардар кылып турат, бул калктын коопсуздугун жакшыртат”, – деп айтылат маалыматта.

Демилге Япония БУУӨП аркылуу Борбордук Азия аймагында климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашырууга, анын ичинде Жалал-Абад жана Нарын облустарында кар көчкүнүн мониторингинин үч станциясын түзүүгө колдоо көрсөттү максатында ишке ашырылган. Анын жалпы суммасы 1,17 млн долларды түзөт.

Объекттерди ишке берүү аземине Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года, БУУнын “Өнүктүрүү”программасынын Кыргызстандагы өкүлү Александра Соловьева, ӨКМдин жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкекте КМШ өлкө башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Бүгүн, 13-октябрда Бишкекте КМШга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, саммиттин алкагында КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери чакан жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар биргелешкен документтерди кабыл алаары күтүлүүдө. “КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны УТРКда, республикалык […]

Сизге жагышы мүмкүн